• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Милиция 5 жашар Нурисламды издеп жатат

16 Теке 2021 18:02 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн райондук ички иштер органы дайынсыз жоголгон Мусаев Нурислам Нурбековичти издеп жатат.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы боюнча, жакындары 13-июлда Кырман конушундагы Кулбараков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн ойноо үчүн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан 2016-жылы туулган Нурислам Мусаевдин издешүүдө.

Белгилери: бою болжол менен 120 см, арык, көзү күрөң, чачы кыска күрөң, кулагы чыгып турат.

Кийими: ак сызыктары бар кызыл футболка, боз шахмат чолок шым, башында боз түстөгү кепка кийип жүргөн.

«Нурислам Мусаевди көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып билдирип коюңүздарды суранабыз: 0(312) 36-35-27, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63 же 102»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 813