• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

58 млн 150 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

28 Жалган куран 2023 12:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 58 млн 150 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөө учурунда 2007-жылы Бишкектин Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 125