• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

6-7-мартта Рухий-Мурас конушунда газ берүү убактылуу токтотулат

5 Жалган куран 2023 12:08 Бишкек Govori.TV

6-7-мартта Рухий-Мурас конушунда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, газ берүү «Кырман» жаңы конушун бирдиктүү газ тармагына кошуу иштерине байланыштуу токтотулат.

Жаңы конушту газга кошуу иштери «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы тарабынан жүргүзүлмөкчү.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Аткарыла турган иштер «Кырман» конушундагы 667 турак-үйдү газдаштыруу максатында жасалууда.

Количество просмотров: 76