Кыргызстанда Кадыр түн 6-апрелге караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттан билдиришкен.
Кадыр түн орозо башталгандан кийин 27инчи түндө тосулат.
Белгилей кетсек, бул түндү жер жүзүндѳгү миллиарддаган мусулмандар күтүшѳт. Анткени бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугy 83 жылга тете. Мусулман адам кадыр түнгѳ туш болуп, аны Жаратканга ибадат кылуу менен ѳткѳрсѳ, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат. Жаратканыбыз Кадыр түндү пенделерине чоң белек катары жѳнѳткѳн.