• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кадыр түн качан болору айтылды. Атамбаев сотто кайрадан чуу чалды  

14 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫР: БИШКЕКТЕ МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарындагы Тажикстандын элчилигинин алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар чечилбей келген чек ара маселеси, тажик-кыргыз чек ара тилкесиндеги болгон чыр-чатактар боюнча пикирлерин билдиришүүдө.

Акцияга чыккандар «Рахмон агрессор», «Рахмон токтот! » деген жазууларды кармап турушту.

“Чек ара маселесин сүйлөшүү жолдор менен чечип, чекит коюш керек. Биз үчүн тынчтык керек, өзгөчө Орозо айында. Биз кылымдар бою кошуна болгон мамлекеттербиз, кыргыз эли согушту каалабайт”,-деди акциянын катышуучусу Айбек Турдалиев.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болуп, 5 адам жараат алган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты.

АТАМБАЕВ СОТТО КАЙРАДАН ЧУУ САЛДЫ

Бүгүн, 14-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү иштери боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Сотко алынып келинген мурдагы президент Атамбаев ден соолугунан кыйналып жатканын айтып, аны сот залынан чыгарып салууну талап кылды. Ал айнек тосмону тепкилеп, залда отурган анын тарапташтары колдоого алгандан кийин мурдагы президентти конвоирлер алып чыгып кетишти.

Атамбаевди сотко мажбурлоо жолу менен алып келүү чечимин буга чейин ишти карап жаткан судья М.Термечиков чыгарган.

Өткөн жылдын 15-сентябрында 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу Атамбаевге карата «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.

КАДЫР ТҮН КАЧАН ТОСУЛАТ?

Быйыл Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, дуба кылышат.

Количество просмотров: 397