• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

6-августта күтүлгөн аба ырайы

5 Баш оона 2022 15:40 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 5-6–августарында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу рйондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33,

Нарын дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү температурасы 18…20°, күндүз 32…34°.

Количество просмотров: 6233