Кыргызстанда 6-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым аймактарда жаан карга айланат. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -4…+3, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Нарын жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1;
Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…2, күндүз 6…8 градус жылуу болот.