• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

6 медкызматкерден коронавирус табылды

5 Кулжа 2020 10:28 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн онлайн маалымат жыйын учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Акыркы суткада Бишкек шаарында эки, Ош шаарында бир жана Нарында үч медициналык кызматкер вирус жуктурду. Ошол эле учурда стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды»,-деди Үсөнбаев.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 378 учур катталды, алардын ичинен 272 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 37