Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин РИИБге арыз менен А.Ж. аттуу жаран кайрылып, анда өзүнүн таанышы М.Б.га карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
«Ал, арыз ээсинин ишенимине кирип жана алдамчылык жолу менен, 2025-жылдын февраль айында арыз ээсине таандык Lexus JX 460 үлгүсүндөгү, баасы 60 000 АКШ долларына бааланган автоунааны сатып алам деген шылтоо менен 1000 АКШ доллары өлчөмүндө алдын ала төлөм берип, калган акчаны 10 күндүн ичинде төлөп берем деп убада кылып, бирок ушул күнгө чейин төлөп бербен эмес.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон», — деп жазылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган М.Б. аттуу жаран Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.