• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

60 сомго окуучунун курсагы тоебу?

6 Бештин айы 2018 16:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков Бишкек шаарындагы №5 улуттук гимназиясынын окуучуларына тамак-аштын аз өлчөмдө берилип жаткандыгын айтып чыкты. Анын айтымында аталган гимназиянын жатаканасындагы окуучуларынын тамак-ашы үчүн күнүнө болгону 60 сом бөлүнөт. Бул акчага кайсы баланын курсагы тоймок эле?,-деп нааразы болду Момбеков.
“60 сомго тамак жеген бала кандай тарбия, кандай билим алат?. Мына ушул менин жанымды кейитип, атайлап ИИМне чалып, ал жактагы атайын иттерге күнүнө 100сомдон ашык акча бөлүнөөрүн, ал эми абактагы адамдарга 85сомдон, 130сомго чейин сарпталаарын билдим. Ушундай өлкөнүн келечегине акча таппаган өкмөттүн барынан жогу, ачынан тогу деп катуу эскертүү айттым”,-дейт депутат Момбеков.

Количество просмотров: 31