• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

600 долларга алынган ТЭЦтеги аттиштер «Видео»

13 Жалган куран 2018 13:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.03.2018.Govori.TV
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган аттиштин (плоскогубцы) баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу Govori.TV сайтына билдирди.
Нурлан Өмуркул уулу депутат Акылбек Жаманкулов көтөрүп чыккан 14500 долларлык камералар жөнөкөй эле камералар экенин айтты.
ЖЭБдин мурдагы директору ЖЭБ техника-экономикалык негиздемеси, проекти жок салынгандыктан 386 миллион долларга сумманы чыгаруу үчүн бааларды асмандан алып жаза беришкенин айтат.
Бишкек ЖЭБдеги авариядан соң депутаттык комиссия түзүлүп, учурда иликтөө ишин жүргүзүп жатат.
Количество просмотров: 71