• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

7- каналдын мурдагы жетекчиси элчи болду

31 Бугу 2023 18:44 Бишкек Govori.TV

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болду.

Алтынбек Жумаев буга чейин Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгынан бошотулуп, Жумаев президенттин кеңешчиси болгон. Ал 7-канал телеканалын жетектегени дагы белгилүү.

Количество просмотров: 170