• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

7 медкызматкер коронавирус жуктурду

26 Аяк оона 202010:31 Бишкек Govori.TV

Бир суткада 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкекте 2, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 3 медкызматкер илдетти жуктурду. Ошол эле учурда бир күндө ооруканалардан 2 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 234 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 937 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 120