• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды 

26 Бугу 202010:18 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө акыркы сутка ичинде 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 4, Нарын облусунда 3 медкызматкердин анализинен коронавирус табылды.

«Жалпы республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 287 учур катталды, алардын ичинен 237 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 91