• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

73 медкызматкерден COVID-19 аныкталды

3 Теке 202010:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 73 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

• Бишкек ш. – 32
• Чүй облусунда – 20
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 7
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Баткен облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 1.

Ошол эле учурда бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча COVID-19 диагнозу 994 медкызматкерге коюлуп, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 82