• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

75 адамдын кайрылуусу: Саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов камалды

8 Чын куран 202617:00 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги жапырт башаламандыкка айыптап кармаган саясатчылар арасында саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов да бар. Биринчи Май райондук соту 6-апрель күнү анын да бөгөт чарасын карап, 10-июнга чейин камакта калтырган.

Бакытбек Жумагулов кандай жагдайда бул иш боюнча шектелип жатканы, качан кармалганы тууралуу буга чейин коомчулукка маалымат берилген эмес.

Эске салсак, ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгонгон. Кийин ал “Бийликти күч менен басып алуу” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болду.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 472