Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.
Ошол эле учурда 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.