• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

8-августтан тарта Төө-Ашуу жабылат

7 Баш оона 2019 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 8-августунан 05-сентябрына чейин Бишкек-Ош автожолундагы К. Кѳлбаев атындагы туннелинде (Төө Ашуу) желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу транспорт каражаттарынын туннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлѳт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, желдетүү системасын ремонттоо жыл сайын пландуу түрдө жылдын ушул мезгилинде өткөрүлөт.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, транспорт каражаттарынын өтүү графиги төмөнкүдөй бекиген:

08:00-09:30 – оңдоо иштери (жабык);

9:30-14:00 — Транспорт каражаттары ѳткѳрүү (ачык);

14:00-15:30 –оңдоо иштери (жабык);

15:30-08:00 — Транспорт каражаттарын өткөрүү (ачык).

Количество просмотров: 37