Төө-Ашууда таш кулап, Оштон келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter автобусундагы окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кырсык 29-март күнү болжол менен саат 16:40 чамасында болгон.
«“Мерседес-Бенц-Спринтер 515-CDI” автоунаасынын айдоочусу түштүктөн түндүк тарапка багыт алып бара жаткан, “Бишкек-Ош” унаа жолунун 92,700 чакырымында тоодон чоң таш кулап автоунаанын оң жагындагы арткы айнегин сындырып ичине кирип, артында отуруп бара жаткан жаш өспүрүм кызды басып калган. Натыйжада артында отурган жүргүнчү жаш өспүрүм 2014-жылы туулган К. Д. З., алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгон», — деп жазылат маалыматта.