• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек – Ош жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Себеби?

24 Үчтүн айы 202513:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымында жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүлөр артиллериялык куралды колдонуу менен түшүрүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө жолдо маал-маалы унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип турат.

Учурда атып түшүрүү иштерин утурлай тиешелүү министрликтердин кызматкерлери тарабынан даярдыктар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 266