• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

8-июнда Алматы жана Астана шаарларында 14 активист кармалды

9 Кулжа 2023 14:24 Бишкек Govori.TV

8-июнда Казакстандын Алматы шаарында беш, Астанада тогуз активист кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина билдирди.

Анын маалыматына караганда, активисттердин көбү үйлөрүнөн чыкканда же митинг өткөрүү пландалган аянттарга баратканда кармалган. Алардын баары «Алга, Казакстан» кыймылынын тарапташтары.

Активисттер 8-9-июнь күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда Астанада өтө турган эл аралык форум күндөрү митингдерге чыгууну пландашкан. Алар чет өлкөлүк саясатчылар менен дипломаттардын көңүлүн Казакстандагы адам укуктарынын абалына бурууну каалашкан. Акция маалында «бардык саясий туткундарды», анын ичинде Марат Жыланбаевди эркиндикке чыгаруу жана «Алга, Казакстан» партиясын каттоодон өткөрүү талаптары айтылат деп күтүлгөн.

Бирок калаа бийлиги митингдерди өткөрүү тууралуу активисттердин билдирмелерин четке кагып, акцияларга уруксат берген эмес.8-июнда Алматы жана Астана шаарларында 14 активист кармалды

Количество просмотров: 84