• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Астанага барды

30 Бугу 202516:12 Бишкек Govori.TV

КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын учагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Италиянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышат.

Количество просмотров: 224