• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«8 мүлктү ижарага алгыла». Профсоюздар өкмөткө кайрылды

21 Жетинин айы 2023 12:12 Бишкек Govori.TV

Кесиптик кошуундар федерациясы 8 объектини өкмөткө келишим шартында узак мөөнөткө ижарага алгыла деп сунуштап, расмий түрдө кат жолдодук. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда өткөн маалымат жыйында Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Омор Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, федерациясынын карамагында азыр жалпысынын 26 мүлк бар.

«Биз Профсоюздар федерациясынын балансындагы 8 объектини өкмөткө келишимдин негизинде көп жылга ижарага берүү маселесин талкуулайлы деп кат жолдодук. Алар: санаторий «Жети-Өгүз», «Кыргызстан», пансионат «Арстанбап», «Чолпон-Ата» эс алуу үйү, пансионат «Ош», туристтик комплекс «Арстанбап-Ата, «Ош» жана ден соолугун чыңдоочу борбор «Улан». Азырынча жооп боло элек»,-деди ал.

Количество просмотров: 74