• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эсептөө палатасы Кыргызстан профсоюздар федерациясынан 2 млрд. сомдон ашык мыйзам бузууларды таап чыкты

4 Жетинин айы 202417:55 Бишкек Govori.TV

Президенттин тапшырмасы менен Эсептөө палатасы 2013-2022-жылдар аралыгындагы Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү.

Аудит санаторийлердин, пансионаттардын жана башка кыймылсыз мүлктөрдүн сатылышы жана менчиктештирилиши боюнча маселелерди, ошондой эле ижара мамилелерин жана баштапкы профсоюздук уюмдардан жогорку профсоюз органдарына мүчөлүк төгүмдөрдөн түшкөн каражаттардын колдонулушун камтыды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы 2 млрд. 58 млн. 585,2 миң сом жана 25,6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каржы бузуулар аныкталды.

КР «Профсоюздар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык, кесиптик бирликтер өз мүлкү жана каражаттары менен уставдык ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн гана пайдалана алышат. Бул мыйзамдын негизги талабы — профсоюздардын мүлкү менчиктештирүүгө жатпайт. Бирок, мыйзамда белгиленген чектөөлөргө карабастан, Профсоюздар федерациясына таандык болгон 86,58 гектар жер тилкелери сатылып кеткен.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу КР Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сатылган жерлерди кайра Профсоюздар федерациясынын карамагына кайтаруу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.

Жыйынтыктар КР Президентине, Башкы прокуратурасына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясына жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 191