Профсоюздар федерациясында 5-февраль күнү профсоюздар кеңешинин жыйыны өтүп, төрага Мирбек Асанакуновдун отставкага кетүүсү жөнүндө чечим кабыл алынган. Андан соң анын иш бөлмөсүнүн эшигине мөөр басылган. Кийинчерээк федерациянын өкүлдөрү аталган кеңеш мыйзамсыз өткөнүн айтышкан.
Ал эми Асанакунов мөөр басылган кагазды сыйрып, кабинетине киргени айтылууда.
Профсоюз федерациясынын кызматкерлеринин жарымы Асанакуновдун бул ишине нааразы болуп, милиция кызматкерлерин чакырышкан. Алардын айтымында, Асанакунов жан сакчылары менен мөөр басылганына карабай кабинетине кирген.