Эртең, 8-майда түнкүсүн өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31,
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,
Ысык-Көл менен Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,
Бишкекте түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30°.