• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

80 медкызматкер коронавирус жуктурду

10 Теке 2020 10:45 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө сутка ичинде 80 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу  коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

«Бишкек шаарында 17, Чүй облусунда 26, Ош шаарында 9, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 5, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды»,-деди Акматова.

Ошол эле учурда бир суткада 4 медициналык кызматкер аталган илдеттен сакайды.

Кошумчалай, кетсек жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1450 учур катталды, алардын ичинен 536 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

Количество просмотров: 83