Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кызыл сызыкка туура келбеген объекттердин буздурулушу тууралуу түшүндүрмө берди.
Ал өз сөзүндө Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн ээлерине кенемте төлөп берүүнү жокко чыгарбагандыгын, бул маселе ачык экенин айтты.
“Компенсацияны эч качан жокко чыгарган эмеспиз, маселе ачык. Мамлекет өзүнүн укуктарынын негизинде иш жүргүзүп жатат. Мыйзамсыз алынган, муниципалдык жерлерге чыгып кеткендерди аныктап, түшүндүрүп жатабыз. Кенемтеге дагы жетебиз. Бирок кенемтеге келгенде эле спекуляция башталат. “Биздин оюбузча жер 80, 100 миң доллар турат эле” дегендер. Аны кантип табабыз? Биз жол курабызбы же булардын жерин сатып алып эле жүрөбүзбү? Андай болбойт. Түндүк айланма жолду кеңейтүүдө курулуштар буздурулуп жатканда, ал жердеги 29 жаранга ипотека аркылуу үй алганга мүмкүнчүлүк алдык. Биз да алардын укугун коргогонго аракет көрүп жатабыз.
Айтматов проспектиси боюнча 68 объекттин менчик ээсине билдирүү таратылган, алардын ичинен 32 объект муниципалдык менчикке чыгып кеткен. А эмнеге аларды айтпайт. Ооба 36 объектинин ээси убагында кызыл китеп алган” — деди мэр.