Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын Пригородный айыл өкмөтүндөгү сейил бактын абалына нааразы болду.
Ал бүгүн, 16-июлда сейил бакка барып, айыл өкмөттүн мурдагы жетекчиси Бакыт Шеримбековду камакка алууну тапшырды. Шеримбековду дароо кармап кетишти.
Ташиев Бишкек мэри Жунушалиеге Шеримбековду муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө башчы кылып дайындап койгонуна нааразы болгон.
УКМК төрагасы айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бакыт Шеримбеков паркты жасоого үч жыл катары менен тендер өткөрүп, үчөөндө тең акчасын жеп алганын айткан.
«Сиз бирөөнү кызматка коёрдо карабайсызбы. Демек, кадр тандоодо тажрыйбаңыз жок экен. Бул киши үч жолу тендер өткөрүп паркка деген акчаны жеп алган, аны чоң кызматка коюп койгонсуз. Парк боюнча эки кылмыш иши козголгон. Конкретный коррупционерди шаардын мүлкүн караган кызматка коюп алгансыз. Кадр тандоону билиш керек, кадр тандаганды билбегендин айынан мамлекет ушундай болуп жатат», — деген УКМК төрагасы.