Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Ч.Айтматов проспектисинин реконструкциясы учурунда аныкталган кызыл чектен чыккан объекттер тууралуу маалымат берди.
Ал 27-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатканын билдирди.
Мэр президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратынын жанындагы конуштун тургундарына кенемте төлөп берүү маселеси боюнча да маалымат берди. Ал Киргизия конушундагы ар бир тургунга 10 сотыхтан көп жер бөлүнгөнүн, мунун мыйзамдуулугу каралып жатканын кошумчалады.
“Биз азыр кенемте маселесин караган жокпуз деп билдирдик. Анткени биз мыйзамдуулук маселесин карап жатабыз — алар жерди кантип алышкан, жалпы план кантип бекитилген. 1997-жылы эле аларга кенемте берилбей турганы кабарланганбы. Ушунун негизинде биз чечим кабыл алабыз”, — деди ал.