Кечээ кечинде Италиянын Лидо аралында 81-Венеция кинофестивалы башталды. Ал 7-сентябрга чейин уланат.
Быйылкы кинофестиваль Тим Бертондун «Битлджус Битлджус» аттуу коркунучтуу дагы, күлкүлүү дагы тасмасы менен ачылат.
Бул кинофестиваль 1932-жылдан бери Лидо аралындагы Венецияда өтүп жаткан эң абройлуу эл аралык кинофестиваль болуп саналат.
Канндагы «Алтын пальма бутагы» менен катар Венециянын «Алтын арстаны» кинематографиядагы абдан кадырлуу сыйлыктардын бири. Венеция кинофестивалында калыстар тобу «Алтын арстандан» тышкары Луиджи Де Лаурентис атындагы атайын сыйлыкты ыйгарышат. Ага эң мыкты дебюттук чыгармалар көрсөтүлөт.
81-Венеция кинофестивалынын конкурстук программасы негизги бөлүм жана “Горизонт” аталган эки бөлүмдөн турат. «Горизонтто» кинонун өнүгүүсүндөгү жаңы тенденцияларды чагылдырган көркөм жана даректүү тасмалар көрсөтүлөт.
Быйыл негизги программадан 21 тасма, «Горизонттон» 10 тасма көрсөтүлөт.