Бир суткада 9 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 6 медик ооруп калган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3101 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыккан.