• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

94 медкызматкер коронавирус жуктурду

14 Теке 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 94 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 26, Чүй облусунда 39, Ош шаарында 14, Жалал-Абад облусунда 9, Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды»,-деди Акматова.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1875 учур катталды, алардын ичинен 570 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 63