• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«95%ынын тишинде кариес бар». Бекешев бакча менен мектеп менюсуна көңүл бурууну айтты

3 Кулжа 202612:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы балдардын 95 пайызы тиш кариеси менен жабыркайт, бул абдан кайгылуу көрсөткүч. Мындай пикирин бүгүн ЖК жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, себептердин бири — начар тамактануу.

“Биздин балдар бакчадан кант жешет. Ал компотко, айранга, боткого, булочкага жана чайга кошулат. Чайдын ордуна суу, кант кошулбаган айран жана башка кантсыз суусундуктарды берсе болот. Чайды алып салуу керек”, — деди ал.

Количество просмотров: 80