• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көлбаевдин Чолпон-Атадагы үйү бала бакча болду

29 Баш оона 202514:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Баластан» аттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Балдар бакчасы мурда Камчы Көлбаев жашаган үйүндө ачылды. «Баластан» балдар бакчасы 100 балага ылайыкталган.

Жер тилкесинде эки чоң үй жайгашкан — алардын биринде Камчыбек Асанбек, экинчисинде анын атасы жашаган. Эки турак үй 67 сотых аянтты ээлейт. Азыркы учурда экинчи үйдө райондук билим берүү бөлүмү жайгаштырылды. Мындан тышкары, тилкеде башка курулуштар дагы бар.

Ачылыш аземине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов жана шаардык кеңештин депутаттары катышты. Бардык эмеректерди жана оюн аянтчаларын мэрия каржылады.

Эске салсак, Камчыбек Асанбек 2023-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарындагы «Блондер Пабда» өлтүрүлгөн. УКМКнын маалыматына ылайык, ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөн.

УКМКнын маалымдагандай, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан бардык активдеринин жалпы суммасы 1 млрд доллардын айланасында бааланган.

Булак: Тurmush.kg.

Количество просмотров: 424