• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөдө 526 мектеп гриппке байланыштуу онлайнга өткөрүлдү

16 Бештин айы 202512:27 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 50-жумасында (8-14-декабрга чейин) курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 37 629 учуру катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мурдагы жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7 пайызга азайганы байкалууда. Ооругандардын жалпы санынын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү.

Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси инкубациялык мезгилге жабылды.

Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Количество просмотров: 103