• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

АӨБ вакцина сатып алуу үчүн Тажикстанга $25 млн. бөлөт

30 Кулжа 2021 16:02 Бишкек Govori.TV

Азия өнүктүрүү банкы Коронавируска каршы вакцина жеткирүү боюнча Азия-Тынч океан фондунун долбоорунун алкагында Тажикстанга 24 миллион доллар өлчөмүндө грант берет.

Бул тууралуу Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода парламенттин төмөнкү палатасында сүйлөп жатып билдирди.

«Долбоордун жалпы баасы 26,8 миллион долларды түзөт. Бул сумманын 25 миллиону бул АӨБдүн гранты, 1,8 миллиону Тажикстандын салымы болот», — деди министр.

Анын айтымында, 2023-жылы аяктоо пландалып жаткан долбоордун алкагында коронавируска каршы 3,4 миллион доза вакцина сатып алуу каралууда.

Буга чейин дүйнөлүк банк Тажикстан калкынын алгач вакцина алышы керек болгон жарандарын эмдөө үчүн кайтарымсыз негизде 8,63 миллион доллар каражат бөлүп бере турганын билдирген.

Тажикстандын бийлиги коронавируска каршы вакцина сатып ала элек. 20-июнда өлкөгө Sinovac Research & Development Co. Ltd кытай вакцинасынын 300 миң дозасы жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлиги бул кытай элинен белек экенин билдирген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлигинин COVAX программасынын алкагында Тажикстанга 192 миң доза AstraZeneca вакцинасы жеткирилген.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 205 миңден ашык киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Тажикстандын бийлиги жыл башынан бери өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учурлар каттала электигин билдирип келген. Бирок 21-июнда Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктурган учурлар бар экенин мойнуна алган.

30-июнь күнү эртен менен жарыяланган статистикага ылайык, Тажикстанда 18 кишиге коронавирус жугуп, ооруга кабылгандардын жалпы саны 13 478ге жетти. Ошол эле маалда аты-жөнүн айткысы келбеген айрым дарыгерлер быйыл коронавирус жуктургандар расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин билдиришүүдө.

Количество просмотров: 98