• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы толугу менен макулдашылды

21 Бирдин айы 202519:20 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча протоколго Кыргызстан менен Тажикстан кол коюшту. Бул тууралуу 21-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өкмөттүк делегациялар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Саймумин Ятимов жетектеди. Документке Бишкекте эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшкан.

Ташиевдин айтымында, бүгүн эки өлкөнүн жарандары үчүн тарыхый күн.

«Биз мындан ары мамлекет башчыларынын кол коюусу үчүн бир нече документтерди даярдадык: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө макулдашуу, суу ресурстары боюнча биздин өкмөттөр ортосундагы макулдашуу, жолдордун кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча макулдашууну бүгүн биз акырында бекитүүнү аяктадык. Бүгүн биздин делимитация жана демаркация комиссиялары биздин чек ара толук макулдашылганын расмий жарыялоодо», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 651