• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

А.Мадумаров: “Атамбаевдин адамдарынын кызматка келиши Жээнбековду курчоого алган митаамдык саясат”

12 Бештин айы 2017 16:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.12.2017. Govori.TV.

Фарид Ниязов акаевдик бийликтин саясатын жүргүзүп келген, жалган-жашыктарды айтып отуруп, элдин көтөрүлүшүнө, 2005-жылдагы март төңкөрүшүнүн чыгышына бирден бир себепчилердин бири. Мындай оюн саясий жана коомдук ишмер Адахан Мадумаров Govori.TV. агенттигине берген маегинде билдирди —

“Аппараттын башчылыгына Фариддин келиши Жээнбековдун дайындоосу эмес, Атамбаевдин дайындоосу болду. Билген кишиге бул Жээнбековду ар тараптан курчоо аракети, өз алдынча саясат жүргүзө албоого, түп-түз жолдон чыкпаганга алдын ала көрүлгөн митаамдык саясат”,- деди Адахан Мадумаров.

 

Мындан тышкары ал, эң коррупциялашкан тармак Бажы кызматы экенин белгилеп, андай орунга Кубанычбек Кулматовдун барышы дагы алдын ала көрүлгөн куулук деп баалады.

“Бажы тармагы эң коррупциялашкан кызмат экенин кошуна мамлекеттер дагы жар салып айтып келишет. Ал жерден аябагандай арам акчалар башка багыттар менен кетип турат. Демек, ал жерге ишенимдүү адамды коюу керек. Ал акчалар шайлоолорду каржылоого, ар кандай мыйзамсыз иштердин артын жабууга жумшайт”,- дейт А.Мадумаров.

Количество просмотров: 43