“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан Бишкекте электр жарыгынын жапырт өчүшүнө эмне себеп болгону тууралуу билдиршти.
«Чыңалуусу 220 кВ болгон «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» аба электр өткөргүч линиялары өчүп калды. Натыйжада, системадагы жүктөмдү автоматтык түрдө өчүрүү механизми иштеп кетти. Учурда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсы электр менен камсыздоону калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Техникалык мүчүлүштүктүн себептери такталууда”,-деп жазылат маалыматта.