• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адамга сот өкүмү чыкты

17 Теке 202615:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук соту аялы Жибек Урустемованы ажырашкандан кийин өлтүрүп салган У. Б.М. аттуу адамды коюлган беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою абакка кести.

Соттолуучу өзүнүн жана маркумдун уулу У.Б.Бга 1 млн сом өлчөмүндө моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

47 жаштагы Жибек Урустемова былтыр 23-декабрда Бишкектеги батиринде күйөөсү тапанча менен атып салган. Ал күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту өткөнү кабарланган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, күйөөсү кармалган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 9