• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

А. Салянова: «Мага карата акыйкат чечим чыкпасын башында эле билгем»

7 Бирдин айы 2018 11:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02. 2018. Govori.TV

«Мага карата акыйкат чечим чыкпасын башында эле билгем». Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Аида Салянова сотто журналисттер үчун маалымат берип жатып билдирди.

Салянованын айтымында, судья И.Воронцова ага да, коомдук жактоочуга да жарыш сөзгө, ал тургай акыркы сөз сүйлөөгө  да мүмкүнчүлук берген жок.

«Соттор мыйзам бузуп жатып, бүгүн акыркы сот отуруму болгону калды. Сот сөз укпай, өкүм чыгарууга кирип кетишти. Алар да жооп берчү кун бар»,- деди Аида Салянова.

Белгилей кетсек, Саляновага карата шаардык сотто бүгүн өкүм чыгышы күтүлүүдө.

Количество просмотров: 29