• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

А.Жапаров: «Электрондук жаңы ыкмаларды киргизебиз» (видео)

27 Кулжа 2018 13:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27. 06. 2018.Govori.TV
Жогорку Кеңештеги  «Бир Бол» партиясынын депутаты Акылбек Жапаров бүгүн 27-июнда президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги сүйлөгөн сөзү боюнча өз оюн Govori.TV сайтына билдирди.
«Президент 2023-жылга чейинки өзүнүн пландары менен бөлүштү. Мындан сырткары 2020-жылы шайлоо убагында өтөт. Шайлоого чейин азыркы кеткен мүчүлүштүктөрдү, партиянын лидерлери партиясындагыларды каалагандай калчаганды токтотсун, тизме менен эл кандай шайласа ошондой болсун деген ыкмаларды аны менен бирге элдер акча, арака алданганды токтотуу механизиминдерин киргизебиз дегени туура болду деп эсептейм»-дейт Жапаров.
Ал мындан сырткары президент кошуналар менен жакшы жашаш керек дегенди башынан бери айтып келет, ушул алты жыл жакшы жашайбыз деген ойдомун деди.
«Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен жакшы мамиледе болсок, биздин дагы экономикабызда  өсөт. Коррупция менен күрөшүү деген бул жүздүн бири калган токсон тогузу жумуш калып калбаш керек»-деди депутат.
Ошол эле билим берүү тармагы ачык айтылды 14-жаштагы балдар окуп жана айтып берүүдө өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн 18-жылга артта калыптыр, математикадан болсо 12-жылга. Муну изилдеп карап көрсөм мурун жумасына 6 саат математика кирсе  азыр 4 саат кылып коюптур. Саламаттыкты сактоо жагында бекер даарылайбыз деп 12-14 миллиард  кетип жатат азыр бекер эч нерсе жок.  Чыгаша жагын дагы сарамжалдуу, эфективдүү карайлы. Эң оболу биз электрондук  экономикага өтүшүбүз керек деп кошумчалады.

Количество просмотров: 30