• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аалы Карашев: «Бишкекте дем алуу органдары ооругандардын саны өсүүдө”

26 Аяк оона 2018 10:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев Бишкек шаарында 1 жыл ичинде дем алуу органдары ооругандардын саны 36 пайызга өскөнүн айтты.

«2016-жылы дем алуу органдарынан жабыркагандардын саны 517 миңден ашык болгон экен. 2017-жылы 574 миңден ашыптыр. Бишкек шаарында эле 36 пайызга өсүптүр. Жалал-Абадда да абал начар экен. Бул оорулар эмненин айынан өсүп жатат? Шаардын, өкмөттүн көз карашы барбы? Экосистемди жакшыртуу боюнча кандай аракеттер жүруп жатат? Каражат барбы?» – деп жыйында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго суроо узатты. Рустамов акыркы жылдарды бул боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатканын айтты. “Бишкектеги банын булганганы ЖЭБди модернизация кылганда азайды. Башка жерлерде да зыяндуу заттарды азайтуу иштери жүрүп жатат», — дейт Рустамов

Количество просмотров: 21