• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аалы Карашев, депутат: «Мамлекет насыялап окутуу менен жаштарга жакшы шарт түзөт”.

21 Бугу 2018 18:06 Бишкек Govori.TV

21. 05. 2018. Govori. TV

«Мамлекет насыялап окутуу менен жаштарга жакшы шарт түзөт. Анткени, азыр акчанын жогунан жаштар жогорку билим алууну, кесип тандоону кийинкиге жылдырып миграцияга кетип калышууда…” Мындай сөздү ЖКдагы “КРнын Билим берүү тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Аалы Карашев айтты.

Анын белгилешинче, мамлекет беш жыл боюнча жаштардын бюджеттик эмес орундарга окуусун каржылап берсе, кесипке ээ болгон жаштар анын кийинки беш жылда толук төлөөгө милдеттенет.

“Бул жаңы механизм ишке кирип калса, жыл сайын бүткөн 90 миң окуучунун жок дегенде 1000ден 5000ге чейинкиси өз учурунда жогорку билимге ээ болуп, кесипти өздөштүрүп калат эле. Алар болсо мамлекеттик кызматтарда иштеп, кийин айлыгынан кутулушмак”,-дейт ал.

Аталган мыйзам комитеттин колдоосуна ээ болду.

 

Количество просмотров: 22