• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулду

18 Кулжа 202617:40 Бишкек Govori.TV


Абдупата Маткаликов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Маткаликов Абдупата Жороевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Теги:
Количество просмотров: 213