• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирүүгө шектелгендердин бири кармалды

17 Аяк оона 2018 10:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирүүгө шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Алардын берген маалыматында   ушул жылдын август айында Ысык-Көл облусунун аймагынан милиция буга чейин каракчылык, уурулук, бейбаштык, баңгизаты үчүн соттолгон Б.Ы.аттуу 25 жаштагы жаранды кармашкан. Ал Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулук кылган деп шектелүүдө.
Белгилей кетсек, ушул жылдын май айынын башында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында эки белгисиз адам тоноо максатында дин өкүлүнүн короосуна кирип, «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү унаанын терезесин сындырышкан. Анын ичинен 6000 сомду жана анын жанындагы документтерди уурдап кетишкен. Анда үй ээлери ууруларды кармаганга аракет кылышканда кылмышкерлердин бири травматикалык мылтыктан 4 жолу ок чыгарып, качып кетишкен. Анын кесепетинен Абдышүкүр Нарматовдун 21 жаштагы уулу жабыркап, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”) жана 168-беренеси («Карактоо») беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
Бул фактылар боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

 

 

Количество просмотров: 12