• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кегетиде 6 жаштагы баланы издөөгө Казакстандын ыктыярчылары кошулду

26 Кулжа 202610:39 Бишкек Govori.TV

Кегетиде сууга агып кеткен 6 жаштагы баланы издөөгө Казакстандын ыктыярчылары кошулду.

Чүй облустук милициясынан билдиргендей, учурда аны миңден ашуун адам издөөдө.

Эске салсак, 23-июнь күнү Чүй районундагы Кегети капчыгайында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Окуянын кесепетинен автоунаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суунун агымына агып кеткен.

Аталган факты боюнча маалымат Чүй РИИБге катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталган. Издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Ал эми 6 жаштагы бала азыркы убакка чейин табыла элек.

Количество просмотров: 13