Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, 13-марттан 16-мартка чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
13-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус жылыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10 градуска жылыйт.
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөп, күндүз 1…6 градус жылуу болот.
13-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 3…5, күндүз 9…11 градус жылуу болот.