• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Аба ырайы. 10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт

9 Жетинин айы 201815:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.11.2018.Govori.TV.
10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…12,
Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…10 градус болот.
Количество просмотров: 24